"Мекенчил" партиясынын жамааты Садыр Жапаров эркиндикке чыкканга чейин Таалай Отунчиевди партиянын башында туруп берүүсүн өтүндү. Бул тууралуу бүгүн, 2-августта Садыр Жапаровдун жактоочусу Шарабидин Токтосунов билдирди.
Маалыматка ылайык, жакын арада аталган партиянын курултайы өтөт. "Таалай Отунчиев мурда саясатка көп аралашчу эмес. Бирок Садыр Жапаровдун жакын адамы катары саясаттагы ар бир ишмердүүлүгүн дайыма колдоп келген" дейт Токтосунов.