Буга чейин Каракол шаардык "Тазалык" муниципалдык ишканасынын жетекчиси болуп иштеп келген Замир Бейшебаев "Дорожник" ишканасынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлүнүн басма сөз катчысы Назира Муканбетова билдирди. Жаңы жетекчиге тиешелүү буйрукка 6-августта Каракол шаарынын мэри Рыскул Калыгулов кол койду.