Армениянын премьер-министри Никол Пашинян 9-августта Кыргыз өлкөсүнө келет. Бул тууралуу бүгүн, 5-августта SUPER.KG порталына өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал Чолпон-Ата шаарында өтө турган Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешине катышат. Бул иш-чарага катышуу үчүн Орусиянын, Казакстандын, Беларустун премьер-министрлери Кыргыз өлкөсүнө келишет. Анда ЕАЭБдеги жалпы финансы рыногун түзүү, өндүрүш жана санарип тармагындагы багыттар боюнча маселелерге көңүл бурулат.