Депутат Солтон-Сарыдагы чыр боюнча Жогорку Кеңештин төрагасын кезексиз жыйын өткөрүүгө чакырды

Депутат Эльвира Сурабалдиева Солтон-Сарыдагы чыр боюнча Жогорку Кеңештин төрагасын кезексиз жыйын өткөрүүгө чакырды. Бул тууралуу депутат социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

"Урматтуу төрага, кесиптештер, элдин айласын кетирбей, чогулуп маселелерди талкуулайлы. Солтон-Сарыда милиция элди коргош керек эле, тескерисинче болуп жатат. Жыйынга өкмөт башчы менен президентти чакыралы", - деп жазды депутат.

5-августта Солтон-Сарыда кен казган кытай компаниясына жергиликтүү тургундар барышкан. Алар компаниянын кызматкерлерин чыгып кетүүсүн талап кылган. Чогулгандар компанияга барганда ортодо пикир келишпестик орун алып, жергиликтүү тургундар менен кытайлык жумушчулар бири-бирине карата таш ыргыткан. Чогулгандар талабы аткарылмайынча Солтон-Сарыда болуп, тынчтык митингин уланта турганын айтышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан