3-августта Солтон-Сарыдагы алтын кенин иштеткен "Zhong Ji Mining" кытай компаниясы менен жергиликтүү тургундардын ортосунда пикир келишпестик чыккан. Чыр 5-августта да уланып, 500дөн ашык адам чогулуп, кен комбинатын куруп жаткан кытайлык "Zhong Ji Mining" компаниясына барган. Алар компаниянын кызматкерлерин кендин аймагынан чыгып кетүүсүн талап кылышты.
Бүгүн өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кеңешме өткөрүп, эгерде ушул сыяктуу окуялар үчүн адамдар ишканаларды жабууну талап кыла беришсе, инвесторлор бизден баш тарта турганын айтты.
SUPER.KG порталы "Солтон-Сары кениндеги чырдын токтобой жатышы өкмөттүн чечкинсиз ишинин жыйынтыгыбы?" деген собол салды.
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбековдун айтымында, Солтон-Сары кениндеги чатак бул жалпы Кыргыз мамлекетиндеги чет элдик инвесторлор, тоо-кен тармагында иштеген компаниялар, жергиликтүү бийлик менен элдин ортосундагы 30 жылдан бери келе жаткан чырдын бири болуп эсептелет. "Бул жерде эки маселе бар. Биринчиси, мамлекетти башкаруу жолубуз, моделибиз, саясий системибиз ушундай чатактарга алып келип жатат. Биздин саясий систем менен мамлекетти башкаруу моделибиз тоо-кен тармактагы чатактарды чечүүгө ылайыкташкан эмес. Тоо-кен тармагындагы чатакты 30 жылдан бери күч, алдоо, коркутуу жолдору менен чечип, кыйынчылыктын бардыгын чогултуп бүгүнкү күнгө алып келип койгонбуз. Экинчиси, албетте, өкмөттүн күнөөсү. Өкмөт чыңалууну, социалдык көйгөйлөрдү, эл менен инвесторлордун ортосундагы кыйынчылыктарды алдын ала сезип, көрүп, чараларды кабыл алган эмес. Ушул чырдын чыгышына өкмөт дагы түрткү болуп жатат. Мына ушунун жыйынтыгында Солтон-Сарыдагы кыйынчылык, биринчиден, Кыргыз мамлекетиндеги инвестициялык климатка терс таасир берет. Экинчиден, эл аралык коомчулуктун алдында Кыргыз мамлекетин жапайы, инвесторлорду сыйлабаган, мыйзам иштебеген өлкө катары көрсөтүүгө шарт түзүп койду", - дейт Жээнбеков.