Депутат Эльвира Сурабалдиева: "Солтон-Сарыдагы чырды айрымдар провокация болуп, элди козутуп жатат деп айтышууда". КҮНСОБОЛ

3-августта Солтон-Сарыдагы алтын кенин иштеткен "Zhong Ji Mining" кытай компаниясы менен жергиликтүү тургундардын ортосунда пикир келишпестик чыккан. Чыр 5-августта да уланып, 500дөн ашык адам чогулуп, кен комбинатын куруп жаткан кытайлык "Zhong Ji Mining" компаниясына барган. Алар компаниянын кызматкерлерин кендин аймагынан чыгып кетүүсүн талап кылышты.

Бүгүн өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кеңешме өткөрүп, эгерде ушул сыяктуу окуялар үчүн адамдар ишканаларды жабууну талап кыла беришсе, инвесторлор бизден баш тарта турганын айтты.

SUPER.KG порталы "Солтон-Сары кениндеги чырдын токтобой жатышы өкмөттүн чечкинсиз ишинин жыйынтыгыбы?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева элге алдын ала түшүндүрүү иштери жүргүзүлүшү керек эле деген пикирде.

"Бул маселе бир нече убакыттан бери козголуп жатканда өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү маалыматты өкмөткө кандай жеткирген же эски адатынча баары тынч деп айтканбы? УКМК кандай иштеген? Бул маселе орчундуу болуп жатканы боюнча ошолор маалымат жеткириши керек эле. Бизде 28 жылдын ичинде жаман практика болуп калды. Лицензия арзан баада сатылып, ортодо инвесторлордон пара алгандар да болгон. Бул маселени ачык, айкын талкуулоого өтүшү керек. Солтон-Сарыдагы чырды айрымдар провокация болуп, элди козутуп жатат деп айтышууда. Бирок менин оюмча, ар бир кен байлыктын, лицензиянын артында турган чыр-чатакта өкмөт алдын ала иштерди жүргүзүшү шарт. Инвесторлор деле ызы-чуунун үстүнөн келгиси келбейт да. Инвестор акча которгондон кийин тынч иштегиси келет. Ошондуктан күнөө бийлик тарапта болуп жатат. Элди чогултуп, социалдык пакет тууралуу экологиялык жактан зыяны барбы же жокпу маалымат бериши шарт эле. Талкууну завод иштегенге чейин уюштуруу зарыл. Ызы-чуу болгондо өзүңөр макул болгонсуңар деп айтчу. Азыр өкмөт ошону айта албай жатат. Ошондуктан ызы-чуу болууда", - деди Сурабалдиева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан