Бүгүн, 6-августта Кытайдын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилиги Солтон-Сары кениндеги чыр боюнча билдирүү таратты. Анда элчилик бул окуяны кытай компаниясына кол салуу деп атаган.
"5-август күнү "Zhong Ji Mining" кытай компаниясы иш алып барган кенге жүздөгөн жергиликтүү тургундар чогулуп, айрымдары компаниянын аймагына мыйзамсыз бастырып киришип, кызматкерлерди сабаган. Анын жыйынтыгында ондогон Кытай жарандары жаракат алышты. Азыркы тапта жабыр тарткандарга элчилик медициналык жардам көрсөтүп жатат", - деп билдирүүдө жазылат.
Андан ары кытай ишканалары көп жылдардан бери Кыргыз өлкөсүнө инвестиция алып келип, ишкердик жүргүзүп келери, Кытай өкмөтү чет жерде иштеген ишканаларынан дайыма жергиликтүү мыйзамды көзөмөлдөшү керектигин талап кылары айтылган.
"Солтон-Сарыда болуп өткөн окуя компанияны чоң экономикалык зыянга учуратып, анын кызматкерлеринин ден соолугуна залал келтирди. Кытай тарап бул боюнча олуттуу тынчсыздануусун билдирет. Биз кыргыз тараптан жабыр тарткан Кытай жарандарына медициналык жардам көрсөтүүсүн, окуяны иликтеп, күнөөлүүлөрдү жазалап, адилеттүү жана тийиштүү деңгээлде тартипке салынышын талап кылабыз", - деп билдирүүдө жазылат.
Кытайдын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилиги жогорудагы окуя кайталанбашы үчүн аталган мамлекеттин жарандарынын коопсуздугун камсыз кылууну, кытай компанияларынын кызыкчылыктарын жана укуктарын коргоодо чараларды көрүүнү Кыргыз өкмөтүнөн сурайт.