Бүгүн, 6-августта вице-премьер Жеңиш Разаков Кытайдын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушуу өткөрдү. Анын жүрүшүндө Солтон-Сары кенинде жергиликтүү тургундар менен Кытай жарандарынын ортосундагы окуяны тез арада тартипке салуу боюнча пикир алмашуу орун алды.
Жеңиш Разаков Кыргыз өкмөтү инвесторлордун да, жергиликтүү калктын да кызыкчылыктарын коргоонун маанилүү экендигин түшүнүп турганын айтып, бардык талаш-тартыштар саясий өңүткө өтүп кетпей, укуктук талаада чечилиши керектигин айтты. Андан тышкары, вице-премьер болуп өткөн окуянын бардык шарттары бейтарап жана тыкыр түрдө Ички иштер министрлиги тарабынан иликтенип жатканын билдирген.
Буга чейин Солтон-Сары кениндеги чыр боюнча Кытайдын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилиги билдирүү тараткан.
Нарын облусундагы Солтон-Сарыда кен иштеткен кытай компаниясы менен жергиликтүү тургундардын чыры тууралуу бардык кабарларды ушул шилтемеден окуй аласыз.