БШКнын мүчөлөрү Кыянбек Сатыбалдиевди Жалал-Абад облусундагы Майлуу-Суу шаарынын мэрлигине бекитишкен жок. Бул тууралуу бүгүн, 6-августта өткөн жыйында белгилүү болду. Аны мэрликке бекитүү токтомуна БШКнын 6 мүчөсү каршы добушун беришти. Алардын бири Ишенбай Кадырбеков Сатыбалдиев өзүнүн эмгек жолу тууралуу жалган маалыматтарды бергендигин билдирди. Талапкер 10 миллион сом акча жүгүртүлүп жаткан фермасы бар экендигин жана Жалал-Абаддагы экономикалык университетти аяктаганын билдирген. Ал эми Кадырбековдун Салык инспекциясынан жана Социалдык фонддон алган маалыматына ылайык, талапкердин бул маалыматтары жалган болуп чыккан. Ал эми БШКнын башка мүчөлөрү бул талапкердин мэр болуусуна иш тажрыйбасы жетишсиз экендигин айтышты. Эске сала кетсек, Кыянбек Сатыбалдиев 17-июлда 31 депутаттын 22синин добушу менен аталган шаардын мэри болуп шайланган эле.