Саясатчы Бектур Асанов: "Алмазбек Атамбаев жөн гана ызы-чуу салган киши. Келечеги жок саясатчыдан бийлик коркпойт". КҮНСОБОЛ

8-августта Кой-Таш айылында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин үйүндө аны кармоо үчүн күч түзүмдөрүнүн экинчи операциясы орун алып, ал УКМКга камакка алынган. Биринчи Май райондук сотунун чечими менен ал 26-августка чейин камакта калтырылды. Атамбаев Жазык кодексинин “кылмышка кошо катышуу” жана “коррупция” беренелери боюнча шектелүүдө.

SUPER.KG порталы "Бийликтин башкы оппоненти болгон Алмазбек Атамбаев кармалды. Эми өлкөнү өнүктүрүү үчүн бийликке каршы тоскоолдук калдыбы?" деген собол салды.

Саясатчы Бектур Асанов учурда коомдо бийликке ичи чыкпаган электорат көп, алар болжол менен 60 пайызды түзөт деп айтты.

"Бийликтин негизги оппоненти Алмазбек Атамбаев эмес, ал жөн гана ызы-чуу салган киши. Анын артында күч, келечеги жок экенин мурда деле айтып келгенбиз, ал эми келечеги жок саясатчыдан бийлик коркпойт. Учурда оппозиция коомдо бар, алар акырындык менен пайда болууда, күзүндө дагы чыгышы мүмкүн.

Жаңы күчтөрдү бийлик камап сала албайт, аларга карата кылмыш иштери жок. Алар туура саясат жүргүзүп, артынан эл ээрчигендиктен шайлоодо коркунуч жаратат. Мына ушул күчтөргө бийлик бут тосушу мүмкүн.

Учурда коомдо бийликке ичи чыкпаган электорат көп, алар болжол менен 60 пайызды түзөт. Менимче, алардын көбү жаңы оппозициялык күчтөргө ооп кетет. Атамбаевди эл ээрчибей койгондугу анын коррупция, уурулук, Батукаевдин иши боюнча эл кабардар экендиги себеп. Накта оппозиция эми чыгат, себеби оппозициялык талаа бошоду. Учурда ызы-чуу жараткан киши жок, мындан улам бийликке бир топ кадамдарды жасоого мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бийлик саясий, сот тармагында жана экономикалык реформаларды жасашы абзел.

Ал эми айрымдардын Бабанов оппозиция болот деген кептен алысмын. Ал оппозиция боло албайт, себеби ал бийликтин камчысын чабат. Бабанов бийлик үчүн өтө ыңгайлуу фигура", - дейт Асанов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан