Бүгүн, 13-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаевдин маеги жарыяланды. Интервью "Новые лица" басылмасы тарабынан алынган. Маекте Кадыр Атамбаев атасы, үй-бүлөсү жана жакынкы келечеги тууралуу кеп салган.
"Атамды кармоо учурунда апам менен чогуу көлдө болчумун"
- 7-8-август күндөрү мен апам менен чогуу көлдө элем, эс алууга кеткенбиз. Кармоо тууралуу жаңылыктардан билдим. Мындай окуя биз үчүн биринчи жолку эмес, 2010-жыл жакшы эсибизде.
Кармоону кылдаттык менен пландалган провокация деп эсептейм.
"Атам калп айтты..."
- Атам "ок чыгарам, аткылайм" деп куру калп айтып койду. Себеби анын 31-июль күнү Конституциялык палатанын чечимин күтөм деп айтканы баарыбыздын эсибизде. Конституциялык палатанын чечими болгондо атамды Сапар Исаков, Кубанычбек Кулматовдой кылып СИЗОго камап койбойт, андан күбө катары гана көрсөтмө алынат деген кепилдик болмок.
Спецназдын өлүмүнө атамдын тиешеси жок. Себеби атам бирөөнүн айыбын жабуу үчүн өзүн жаманатты кылып, күнөөнү моюнуна алып алды. Мен мүмкүнчүлүктөн пайдаланып каза болгон спецназдын үй-бүлөсүнө көңүл айткым келет. Бул жерде күнөөнүн баары Атамбаевде эмес, бийликте болууда. Атамды колго түшүрүү операциясы башынан эле туура эмес пландалган.
Апасына жана туугандарына жасалган кысым көрсөтүү тууралуу...
- Бийликтен чындыкты күтпөйм. Себеби апама жасалган кысым көрсөтүү бардык чектен ашып кетти. Аны “серый кардинал” деп атоо акылга сыйбайт. Манас Арабаев көрсөтмө бергенде көзүн 100 жолу ирмеп жатканынын өзү шектүү. Арабаев деле буга чейин камалган Шамиль Атаханов, Зарылбек Рысалиевдей болуп 1-2 айга УКМКга камакка алынган соң баарына макул болуп калат.
Агаларым Сейит, Сейтекке кылмыш иши козголгон же козголбогонун билбейм. Себеби алар маалыматты ачыкка чыгарбоого кол коюп беришкен экен. Эгер бийлик бир нерсени ойлоп чыга турган болсо, алар апама карата айыпты ойлоп чыгаргандай, оңой эле таап чыгат. Бул үй тууралуу айта турган болсом, бул үйдөн кетпейм, кете турган башка үйүбүз деле жок.
"Атамдын катачылыгы анын ишенчээктиги болду"
- Атама убагында кызмат кылгандар, кеңешчиси болуп, "тигини, муну камаш керек" деп айткандар учурда бийликте отурат. Атамдын катачылыгы анын ишенчээктиги болду. Атам эртеби, кечпи чыгат. Бул окуяга эмне түрткү болду аны эл көрдү жана айтат. Атам ката кылган болсо да өлкөгө кылган иши андан көп, ошол эле энергетика тармагындагы көз карандысыздык, өнүктүрүү институту, чоң долбоорлор, "Көчмөндөр оюну" мунун баарын жууп салуу мүмкүн эмес. Менин атам камакта отурушу керек эмес, муну эл кийинчерээк түшүнөт. Мен өч алууну талап кылбайм, акыйкаттуулукту гана талап кылам. Эртеби же кечпи акыйкаттык биздин үйгө келет.
"Мен Айдарчик же Максим эмесмин..."
- Өлкөдөн качып же чыгып кетүүнү көздөбөйм. Мен өлкөнү тоногон Айдарчик же Максим эмесмин. Атамдын татыктуу уулумун. Эч жакка кетүүнү пландаган жокмун. Атам убагында бизден "саясатка эч качан аралашпагыла" деп ар бирибизден убада алган. Мен окууну улантууну пландагам, себеби чакыруу да бар болчу. Китептеримди жазууну улантам. Өзүмдү жарнамалоонун ыңгайсыз учуру болуп калды. Акыркы окуялардан кийин атама берген убадамды бузууга туура келип жатат.
“Ата, кечирип кой, бирок мен саясатка аралашууга аргасызмын. Муну менин жан дүйнөм талап кылууда” деди Кадыр Атамбаев.