Бүгүн ички иштер министри, УКМКнын төрагасы жана башкы прокурор маалымат жыйынын берди. Жыйында күч түзүмдөрүнүн жетекчилери Алмазбек Атамбаев эки жолку сүйлөшүүдөн кийин колго түшкөнүн жана Кой-Ташта орун алган окуя тууралуу айтып беришти.
SUPER.KG порталы "Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча күч органдарынын ишинде кайсы аракеттер туура, кайсынысы туура эмес болду?" деген собол салды.
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Каныбек Осмоналиев 7-августта Атамбаевди кармоо боюнча аракеттер туура эмес болгонун айтты.
"7-августта УКМКнын "Альфа" атайын даярдыктагы башкармалыгынын атышканы, Атамбаевди кармоо тактикасы туура эмес болду. Ал эми 8-августта генерал Курсан Асанов баш болуп сүйлөшүү жолу менен Атамбаевди багынтып, колго түшүрүп алып кеткени туура болду", - дейт Каныбек Осмоналиев.