КҮНСОБОЛ: Алмазбек Атамбаев камалды. Эми бийликке оппозиция ким болот? Равшан Жээнбеков: "Бийлик оппозициялык саясатчыларды Атамбаевдин шылтоосу менен жок кылабыз деген ойлорунан, идеяларынан кайтышы керек"

Кой-Таш айылында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин үйүндө аны кармоо үчүн күч түзүмдөрүнүн экинчи операциясы орун алып, ал УКМКга камакка алынган. Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 26-августка чейин камакта калтырылды. Ошону менен катар эле Атамбаевдин тегерегиндеги тарапташтарынын айрымдары камакка алынып, кээ бирлери сурак беришүүдө.

SUPER.KG порталы "Алмазбек Атамбаев камалды. Эми бийликке оппозиция ким болот?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков оппозиция жоголбойт деген пикирде.

"Азыркы күндө Атамбаевдин шылтоосу менен оппозициялык талааны жок кылабыз деген эйфория бийликти да, өлкөнү да жакшылыкка алып барбайт. Бул туура эмес кадам, жаңылыштык болуп эсептелинет. Акыл-эстүү бийлик оппозиция жок болсо, өзү аны жаратканга шарт түзөт. Себеби оппозиция бийлик сыяктуу эле коомго, экономикага, саясатка чоң салым кошот. Бийлик менен оппозиция бири-бири менен атаандашат. Ошондуктан бийлик колунан келишинче оппозициялык саясатчыларды Атамбаевдин шылтоосу менен жок кылабыз деген ойлорунан, идеяларынан кайтышы керек. Менин оюмча, оппозиция жөндөн-жөн жок болуп кетпейт. Анткени өлкөдөгү социалдык, экономикалык, саясий абал оппозицияны камап, качырып, жок кылып салса да баары бир пайда болот. Себеби биздин өлкөдө оор саясий, экономикалык абал жаралып турат. Бүгүн оппозиция болбогон адам эртең оппозиция болуп калышы мүмкүн. Менин оюмча, оппозиция жоголбойт, анткени ал бизге керек. Эгер жоголсо бар кылып, алсыз болсо күчтөндүрүшүбүз керек. Күчтүү болсо эффективдүү кылуу зарыл", - дейт Равшан Жээнбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан