Коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаев: "Экономика өспөй, өкмөттүн иши алдыга жылбаса карапайым элдин ичинен оппозиция чыгат". КҮНСОБОЛ

Кой-Таш айылында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин үйүндө аны кармоо үчүн күч түзүмдөрүнүн экинчи операциясы орун алып, ал УКМКга камакка алынган. Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 26-августка чейин камакта калтырылды. Ошону менен катар эле Атамбаевдин тегерегиндеги тарапташтарынын айрымдары камакка алынып, кээ бирлери сурак беришүүдө.

SUPER.KG порталы "Алмазбек Атамбаев камалды. Эми бийликке оппозиция ким болот?"деген собол салды.

Коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаев кыргыз эли оппозициясы жок калбай турганын айтты.

"КСДП бүгүнкү күнгө чейин оппозиция катары бийликке сын-пикирлерин айтып келген. Экономика өспөй, өкмөттүн иши алдыга жылбаса карапайым элдин ичинен оппозиция чыгат. Кыргыз эли оппозициясы жок калбайт. Бул мыйзам ченемдүү нерсе. Атамбаевди камаса эле оппозиция жок болуп калбайт. Кыргыз мамлекети эң жакыр мамлекеттердин катарында болуп жатат. Эгерде өкмөт алгылыктуу кадамдарга барып жумуш орундарын түзбөсө, эмгек акы жогорулабаса оппозиция боло турган лидерлер элдин арасынан суурулуп чыгат. Кийинки парламенттик шайлоодо бийлик толугу менен утулуп калышы мүмкүн", - дейт Келдибаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан