Кой-Таш айылында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин үйүндө аны кармоо үчүн күч түзүмдөрүнүн экинчи операциясы орун алып, ал УКМКга камакка алынган. Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 26-августка чейин камакта калтырылды. Ошону менен катар Атамбаевдин тегерегиндеги тарапташтарынын айрымдары камакка алынып, кээ бирлери сурак беришүүдө.
SUPER.KG порталы "Алмазбек Атамбаев камалды. Эми бийликке оппозиция ким болот?" деген собол салды.
Коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев Сооронбай Жээнбеков көп нерселерди элдин каалоосу менен кылып жаткандай болду деген пикирде. "Азыр оппозиция болом деген киши калган жок. Сооронбай Жээнбеков көп нерселерди элдин каалоосу менен кылып жаткандай болду. Акыркы күндөрү мурунку президентти колдогондор көбөйүп баштаган болчу. Атамбаев мүмкүнчүлүктү туура колдонуп кете албастан куралдуу каршылык көрсөттү. Азыр андан башка каршылык көрсөтө турган күчү калган жок. Бүгүнкү күндө Өмүрбек Бабанов оппозиция болот деген ойдон алысмын", - дейт Мукар Чолпонбаев.