Экс-президент Алмазбек Атамбаев камакка алынган соң бир канча окуялар орун алды. Курсан Асанов ички иштер министринин орун басарлык кызматынан бошотулуп, кылмыш иши козголду, Атамбаевге тиешелүү "Апрель" телеканалы камакка алынды. Мурдагы президенттин тарапташтарынын айрымдары камакка алынса, кээ бирлери суракка чакырылып жатат.
Мындан улам SUPER.KG порталы "Бул аптада өлкөдө болуп өткөн окуялар мамлекетти кандай жолго салды?" деген собол салды.
Жарандык активист Айбек Мырзанын айтымында, Равшан Жээнбековдун "барымтага алуу" беренеси менен айыпталып жатканы туура эмес. "Оппозициячыл саясатчыларга карата басым болуп жатат. Равшан Жээнбековдун "барымтага алуу" беренеси менен айыпталып жатканы туура эмес. "Апрель" телеканалы альтернативдүү пикирлерди чагылдырган телеканалдардын бири. Биз деле ал каналга барып Атамбаевге каршы пикирлерибизди айтып жүрчүбүз. Сооронбай Жээнбековдун тарапташтары деле эфирге чакырылып келген. Сөз эркиндигине кысым болбошу керек", - дейт Айбек Мырза.