Экс-президент Алмазбек Атамбаев камакка алынган соң бир канча окуялар орун алды. Курсан Асанов ички иштер министринин орун басарлык кызматынан бошотулуп, кылмыш иши козголду, Атамбаевге тиешелүү "Апрель" телеканалы камакка алынды. Мурдагы президенттин тарапташтарынын айрымдары камакка алынса, кээ бирлери суракка чакырылып жатат.
Мындан улам SUPER.KG порталы "Бул аптада өлкөдө болуп өткөн окуялар мамлекетти кандай жолго салды?" деген собол салды.
Жарандык активист Гүлжигит Исаков мыйзамдар тандалма жол менен каалагандай "чоюлуп" иштесе мыйзамга болгон ишенимди азайтат деген пикирде.
"Акыркы жумада мамлекетибизде орун алган окуялар дүйнө коомчулугунун көңүлүн өзүнө бура алды жана өлкөбүздү жакшы жактан тааныта алган жок. Мамлекеттүүлүгүбүзгө доо кетти. Күч структуралары деморализацияга учурады. Мамлекеттүүлүктүн тиректеринин бири болгон коопсуздукка дагы доо кетти.
Мыйзамды каалагандай "чойсо" боло бере тургандай абал жаралды. Мыйзамдын үстөмдүгү орногондун ордуна, "үстөмдөрдүн мыйзамы" орноду. Мыйзамдар тандалма жол менен каалагандай "чоюлуп" иштесе мыйзамга болгон ишенимди азайтат. Мыйзамдуулукка болгон ишенимдин азайышынын кесепеттери көп болот. Андыктан тез арада туура нукка түшүү зарыл", - дейт Исаков.