Саясатчы Бектур Асанов: "Өлкөдө жакынкы убакыт аралыгында чыныгы оппозициялык көз караштагы күчтөр биригип баштайт". КҮНСОБОЛ

Экс-президент Алмазбек Атамбаев камакка алынган соң бир канча окуялар орун алды. Курсан Асанов ички иштер министринин орун басарлык кызматынан бошотулуп, кылмыш иши козголду, Атамбаевге тиешелүү "Апрель" телеканалы камакка алынды. Мурдагы президенттин тарапташтарынын айрымдары камакка алынса, кээ бирлери суракка чакырылып жатат.

Мындан улам SUPER.KG порталы "Бул аптада өлкөдө болуп өткөн окуялар мамлекетти кандай жолго салды?" деген собол салды.

Саясатчы Бектур Асанов учурда бийликке жакшы иштерди жасоого мүмкүнчүлүктөр пайда болуп, жол ачылганын айтат.

"Саясий акыбал жакшы жагына бүттү десек болчудай. Себеби эл чагымчылдыкка алынган жок, тынчыды, бир адамдын арам ою ишке ашкан жок. Бийликке учурда жакшы иштерди жасоого мүмкүнчүлүктөр пайда болуп, жол ачылды. Бирок бул кыска эле убакытка. Бул убакыт аралыгында бийлик кардиналдуу кадамдарды жасашы, чыныгы реформа жасаганын элге көрсөтүшү жана саясий күчтөргө болгон ымаласын ачыкташы керек.

Болбосо менин оюмча, сентябрь айын аяктап чыныгы оппозициялык көз караштагы күчтөр биригип баштайт. Алар мыйзамды бузушпайт, мындан улам бийлик аларга кылмыш иштерин ача албайт, автомат менен барып кармай албайт. Себеби андай кадамга бара турган болсо акыбал оорлошуп кетет. Парламенттик шайлоо жакындап жатат, саясий күчтөр катуу аракетке түшөт. Өлкө демократиялык чоң толкундун алдында турат", - дейт Асанов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан