Экс-президент Алмазбек Атамбаев камакка алынган соң бир канча окуялар орун алды. Курсан Асанов ички иштер министринин орун басарлык кызматынан бошотулуп, кылмыш иши козголду, Атамбаевге тиешелүү "Апрель" телеканалы камакка алынды. Мурдагы президенттин тарапташтарынын айрымдары камакка алынса, кээ бирлери суракка чакырылып жатат.
Мындан улам SUPER.KG порталы "Бул аптада өлкөдө болуп өткөн окуялар мамлекетти кандай жолго салды?" деген собол салды.
Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров билдиргендей, ушул жума болуп жаткан окуялардын көпчүлүгү тарыхта ташка тамга баскандай болуп калат. "Негизи бизде Кыргыз мамлекети бул Орто Азиядагы демократиянын аралчасы экенин эл аралык уюмдар, башка мамлекеттер айтып келе жатат. Бизде бир канча президенттик шайлоо өттү, эки президент качып кетти. Бир экс-президент учурда кылмыш жоопкерчилигине тартылып жатат. Ошондуктан бул келечектеги мамлекет башчылардын экс-президенттер өзүн кандай алып жүрүүсүнө туура багыт, жол түзүлөт го деген ойдо турабыз. Акыркы окуялар бир киши дагы мыйзамдан жогору болушу мүмкүн эмес дегенди тастыктап койду", - дейт Зулпукаров.