Акылбек Жамангулов: "Бүт өлкөнү 4G байланышы менен камсыздайбыз"

MegaCom компаниясы абоненттерди жогорку сапаттагы мобилдик байланыш жана ыкчам интернет менен камсыз кылуу максатында ишкананын техникалык адистери түйүндү кеңейтүү жана оптималдаштыруу боюнча учурда тынымсыз иш алып барууда. Уюлдук оператордун башкы директору Акылбек Жамангулов компаниянын техникалык өнүгүү пландары боюнча айтып берди.

- Учурда телекоммуникация рыногу тынымсыз өнүгүүдө жана техникалык жактан жаңыланууну талап кылып турган мезгил, бул багытта сиздердин компанияда кандай иштер жүрүп жатат? MegaCom бүгүнкү күндө замандын талабына жооп берген уюлдук компания деп айтсак туура болобу?

- Бул компанияда иштегениме 8 ай болуп калды. Мен жаңыдан ишке киришкенде техникалык жабдуулар менен камсыз кылуу жагы аянычтуу абалда эле, себеби компанияда көптөн бери техникалык өнүгүү болгон эмес. Бардык тапкан таза киреше толугу менен дивиденд түрүндө бюджетке которулуп турган, базалык станциялардын санын көбөйтүү жана 4G байланышын жайылтуу иштери көз жаздымда калтырылган. Президенттин жана өкмөттүн колдоосу менен бул жылы тапкан кирешенин көпчүлүк бөлүгү техникалык өнүгүүгө жумшалмай болду жана бул багыттагы жумуштарды аткарууга белсене кириштик. 4G байланышы менен жыл аягына чейин республикадагы калк отурукташкан аймактын 95 пайызын камсыз кылуу планыбызда бар. Мисал катары айтсам, өткөн жылы түйүндү кеңейтүү багыты боюнча 4 монтаждык бригада иш алып барса, бул жылы 20 бригада күнү-түнү иштеп жатат. БОБЛ (ред. була оптикалык байланыш линиясы) багыты боюнча курулуш иштерин улантууну мерчемдеп жатабыз. Бул болсо өз кезегинде алыскы айыл-кыштактарга 4G байланышын жеткирүүгө өбөлгө түзөт. Техникалык өнүгүү иштери келечекте 5G стандартына өтүүнү эске алуу менен аткарылып жатат.



- Техникалык базаны модернизациялоонун үстүндө иш жигердүү жүрүп жаткандыгы байкалып турат. Абоненттер тарабынан компаниянын дарегине айтылып жаткан нааразычылыктар чындыкка дал келеби? Абоненттик төлөмдү киргизүү менен байланышы барбы?

- Жок, дагы бир жолу айткым келет, “Ким чалды?” кызматы эле эмес башка дагы 30-40 чамалуу кызматтарыбыздан түшкөн киреше компаниянын бюджетинин 0,01 пайызды түзөт, компаниянын өнүгүүсү үчүн бул каражат анча чоң ролду деле ойнобойт. Бүгүнкү күндө Чүй облусунда жана Бишкек шаарында, ошондой эле башка облустардагы абоненттерибизге байланыштын жакшырып жаткандыгы байкалууда. Менин оюмча, жылдын аягына чейин өлкөбүздүн алыскы аймактарын дагы 4G байланышы менен толук кандуу камсыздай алабыз. MegaCom ийгилик чыйырында келе жаткан келечеги кең компания экендигине ишенем!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
miki87
2019-08-17 00:54:40
Ош обл. Кара-Суу р-н. Отуз Адыр айыл окмоту Жаны Кызыл Суу айылын жок дегенде 3 G менен камсыз кылып койгулачы сураныч? Ата энелер алыста жургон балдары менен интернет аркылуу суйлошо алышпай кыйналышат. Жаш балдарды элестеткиле Россияда жургон ата энеси менен суйлошо алышпайт. Азыр 21 кылым уят болуш керек ошол жоопту кишилерге. Супер инфо сиздерден отунобуз ошол айылдын тургундары ушул суранычты тийиштуу орган, жетекчи, компанияларга жеткизип койунуздар сооп болот. Россиядан балдарын сагынган
+3
Krai
2019-08-17 23:04:33
miki87, эң туура айттың мен да ошол жаңы кызыл суу айылын айтайын дегем. Интернети өлүп кетсин связь кармабайт го же бир тоолуу айыл эмес түптүз эле айыл бирок качан барсаң жолу жок суусу жок свети жок отурушканын көрөсүң Кара-Суу районунан 25 Ош шаарынан 35 км аралыкта жайгашса да бул айылды унутуп койушкандай
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан