Конституциялык палатанын мурунку соту Клара Сооронкулова: "Кармалган адамды сотко алып келгенге мүмкүнчүлүк болбосо же ал ооруп жатса көчмө сот жыйыны уюштурулат". КҮНСОБОЛ

8-августта Кой-Таш айылында экс-президент Алмазбек Атамбаев кармалган. Ал ошол эле күнү Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 26-августка чейин камакта калтырылган. Бүгүн Бишкек шаардык соту Атамбаевдин баш коргоо чарасын УКМКнын имаратында жабык карап, райондук соттун чечимин өзгөртүүсүз калтырды.

Мындан улам SUPER.KG порталы "Атамбаевдин баш коргоо чарасы экинчи ирет жабык каралды. Бул көрүнүш соттун акыйкаттуулугуна, ачык-айкындуулугуна шек жаратпайбы?" деген собол салды.

Конституциялык палатанын мурунку соту Клара Сооронкулова белгилегендей, негизи сот отурумдары ачык болушу керек. "Соттук отурумдар жабык өткөн учурлар да бар. Бул жолу эмне негиз болгонун билбейм. Отурумду сотто өткөрүү мүмкүнчүлүгү болбосо сот өзү ошол жакка барып жыйын өткөрсө болот. Бирок ага себеп болушу керек. Буга эмнелер себеп болду белгисиз. Кармалган адамды сотко алып келгенге мүмкүнчүлүк болбосо же ал ооруп жатса көчмө сот жыйыны уюштурулат. Бул жерде коопсуздук үчүн ошондой чечим кабыл алынышы мүмкүн. Бирок жалпы принцип боюнча сот отурумдары сөзсүз ачык болушу шарт. Ал эми соттук ишке кызыкдар болгон адамдарга отурумга катышууга мүмкүнчүлүк түзүлүп берилиши зарыл", - дейт Сооронкулова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан