Президент "Манас айылы" маданий-этнографиялык комплекстин абалы менен таанышты

Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарындагы "Манас айылы" маданий-этнографиялык комплекстин абалы менен таанышты. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, комплекске барганда президент туура башкаруу жана каражаттарды тартууда "Манас айылы" Бишкек шаарынын маданий дөөлөтү боло аларына ишенимин билдирди.

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов "Манас айылын" жаңы форматта калыбына келтирүү боюнча кызматташууга жергиликтүү инвесторлор кызыгып жатканын билдирди.

Ал "Манас айылы" аталган балансына өтсө, реконструкциянын варианттары каралып чыгарын белгиледи.

Президент "Манас айылын" министрликтин балансына өткөрүү идеясын колдоду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан