Парламенттик шайлоо 2020-жылы өтөт. Бирок коомчулук тарабынан Жогорку Кеңешке кескин сын-пикирлер айтылып жатат. Парламенттик шайлоо күзүндө өтөт деген жоромолдор көп айтылууда.
Мындан улам SUPER.KG порталы "Жогорку Кеңештин учурдагы 6-чакырылышынын мөөнөтүнөн мурда тарап кетишине негиз барбы?" деген собол салды.
Коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков Жогорку Кеңешти таратууга күч жок экенин айтты. "Парламент тарасын деп айрымдар айтышы мүмкүн. Бирок аны таратабыз деген саясий күчтү көргөн жокмун. Булар өздөрү эле интрига уюштуруп, тарап кетиши мүмкүн. Жылдан жылга парламент коомчулукка жаман көрүнүп жатат. Кайра депутат болуп келгенге кызыкдар болгондор көп болуп, ушундан пайдаланып, тарап кетиши ыктымал. Атамбаев таратам деп аракет кылып жаткан, бирок анын өзүнүн соодасы бүтүп калды. Азыркы чакырылыштагы депутаттарга кандайдыр бир деңгээлде нааразычылык бар, бирок чоң негиз бар деп айта албайм", - дейт Талгарбеков.