Депутат Чыныбай Турсунбеков: "Парламентти таркатууга негиздерди табууга, айтууга болот, бирок биз саясатты эмес, экономиканы ойлонушубуз керек". КҮНСОБОЛ

Парламенттик шайлоо 2020-жылы өтөт. Бирок коомчулук тарабынан Жогорку Кеңешке кескин сын-пикирлер айтылып жатат. Парламенттик шайлоо күзүндө өтөт деген жоромолдор көп айтылууда.

Мындан улам SUPER.KG порталы "Жогорку Кеңештин учурдагы 6-чакырылышынын мөөнөтүнөн мурда тарап кетишине негиз барбы?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбековдун пикиринде, элдин нааразычылыгы парламентти таркатуу ойлоруна түртөт. "Экономиканы, калган убакытты ойлосок парламентти таркатуунун кажети жок. Парламентти таркатууга ар кандай негиздерди табууга, айтууга болот. Бирок азыр саясатты эмес, көбүрөөк экономиканы ойлонушубуз керек", - дейт Турсунбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан