"Замандаш" саясий партиясынын лидери Жеңишбек Молдокматов: "Азыркы Жогорку Кеңеш президентке, өкмөткө эң ыңгайлуу болгондуктан алар парламентти таркатууга кызыкдар эмес". КҮНСОБОЛ

Парламенттик шайлоо 2020-жылы өтөт. Бирок коомчулук тарабынан Жогорку Кеңешке кескин сын-пикирлер айтылып жатат. Парламенттик шайлоо күзүндө өтөт деген жоромолдор көп айтылууда.

Мындан улам SUPER.KG порталы "Жогорку Кеңештин учурдагы 6-чакырылышынын мөөнөтүнөн мурда тарап кетишине негиз барбы?" деген собол салды.

"Замандаш" саясий партиясынын лидери Жеңишбек Молдокматовдун пикиринде парламент таркабайт. "Биринчиден, бул эл ичинде айтылып жаткан сөз. Айрым учурларда парламенттин депутаттарынын өздөрүнөн дагы чыгып жаткан сөз бар. Менин оюмча, парламент быйыл таркабайт. Буга чейин парламенттин таркашы боюнча коркунуч бар эле, азыр өтүп кетти. Экинчиден, бул парламентке эбегейсиз чоң суммадагы акча коротулуп, депутаттар Жогорку Кеңешке келгенин эсибизден чыгарбайлы. Андыктан акчасын берип, мандат алган депутаттар ордун бошотуп таркап кетет дегенге көп ишене бербейм. Үчүнчүдөн, бул парламент жалпы сөзгө, эпке келген парламент болуп жатат. Мындай ыңгайлуу парламент жок го дейм. Президентке, өкмөткө эң ыңгайлуу парламент болгондуктан алар Жогорку Кеңешти таркатууга кызыкдар эмес", - дейт Молдокматов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан