Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаттары коомчулуктун сынына кабылууда. Акыркы учурда парламент күзүндө тарап, мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өтөт деген жоромолдор көп айтылып баштады. Социалдык тармакта Жогорку Кеңештин кийинки чакырылышына кимдер эл өкүлү болуп келиши керектиги тууралуу талкуулар күчөдү.
Мындан улам SUPER.KG порталы "Жогорку Кеңештин кийинки чакырылышында кимдерди депутат катары көргүңүз келет?" деген собол салды.
Саясатчы Адахан Мадумаровдун пикиринде, Жогорку Кеңешке депутат ким болсо ошол болсун 36 тамганы тааныгандар келиши керек. "Турмуш-тиричилик тажрыйбасы бар адам парламентке келиши шарт. Жогорку Кеңешке мамлекет эмне экенин түшүнгөн, бюджет деген сөздү так сүйлөй алган, ички, тышкы саясаттан түшүнүгү бар, маданияттуу, сабаттуу инсандардын келишин каалайм. Колу, жүрөгү таза, эч нерсеге аралашпаган, казынага кол салбаган, элди акчасы, байлыгы менен сатып албаган депутаттар келиши зарыл. Азыркы парламенттин ичинде мындай 3-4 депутат болушу мүмкүн. Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышынын 90 пайызы мен айткан талаптарга жооп бербеген инсандар", - дейт Мадумаров.