Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаттары коомчулуктун сынына кабылууда. Акыркы учурда парламент күзүндө тарап, мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өтөт деген жоромолдор көп айтылып баштады. Социалдык тармакта Жогорку Кеңештин кийинки чакырылышына кимдер эл өкүлү болуп келиши керектиги тууралуу талкуулар күчөдү.
Мындан улам SUPER.KG порталы "Жогорку Кеңештин кийинки чакырылышында кимдерди депутат катары көргүңүз келет?" деген собол салды.
Саясат таануучу Орозбек Молдалиев шайлоолор боюнча мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилип жатканын эске салды. "Партияларды тизмеси менен шайлабай лидерин жана анын жанында кимдер жүрсө ошого карап эле шайлап коюп жатабыз. Шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизип, шайлоого ошол партиянын ичиндеги 50-60 кишинин тизмесин койсо туура болот. Көп мамлекеттерде ошондой, бюллетень аябай чоң тизме болот. Эл алардын арасынан тандап добуш берет. Ошондой эле жергиликтүү элдин каалоосун эске алып, аймактык шайлоо округдан бирден депутат кылгандай систем сунуштары бар. Ылайык болобу же жокпу деп ошону изилдеп көрүү керек. Чынын айтканда, партияны шайлаганда добуштар сатылып кетет. Добуш сатып алган депутат элге экинчи кайрылбайт. Анткени шайлоо эмес соода болду да. Ошон үчүн жарандар добуштарды сатпаш керек. Айрым депутаттар мандатын тапшырбай, партияга баш ийбей, чыгып кеткен учурлар болуп жатат. Партияга, элге баш ийбесе кандай депутат болуп калат? Ал кимдин кызыкчылыгын көздөп жатканы белгисиз болот. Ушундай башаламандык системден чыгышыбыз керек. Ошондой эле элде депутаттарды чакыртып алуу мүмкүнчүлүгү болушу шарт", - дейт Молдалиев.