Ырчы Даниель катышып жаткан "Дүйнө мырзасы-2019" сынагынын финалына 3 күн калды. "Өзүмө ишенимдүүмүн" дейт ал

Филиппиндин борбору Манила шаарында "Дүйнө мырзасы-2019" сынагы өтүп жатат. Аталган сынактын финалына 3 күн калды. Өлкөбүздүн атынан ырчы Даниель Бегалиев катышып жатат. Добуш берүүнүн жыйынтыгы менен катышуучулар финалга өтүп, топ бешке, ондукка кирет.

Учурда сынактын катышуучулары ар бир күндү кызыктуу долбоорлорго, спорттук мелдештерге катышуу, тапшырмаларды аткаруу жана тамак жасоо менен өткөрүп жатышат. Мырзалардын күнүмдүк иштери тууралуу маалыматтар менен Даниель Инстаграмдагы баракчасына бөлүшүүдө.

Алсак, катышуучулар бир нече күн мурда шаардан алыс эмес жердеги аралга барышып, коомдук долбоорго катышкан. Тагыраагы, алар "Кум жээкти тазалоо" аталышындагы коомдук долбоорго катышып, таштанды чогултушкан.

"Саналуу күндөрдөн кийин сынактын финалы орун алат. Мен өзүмө ишенимдүүмүн, анткени мекендештерим мени моралдык жактан колдоп, жеңишке жетишимди каалап жатышат. Силер жазган комментарийлерди күндө окуп алып кубанам. Кыргыз өлкөсүнүн атынан "Дүйнө мырзасы-2019" сынагына катышып жатканыма мүмкүнчүлүк берген Алла Таалага ыраазы болом. Колдооңуздар үчүн ыраазычылыгымды билдирем", - дейт ырчы.

"Дүйнө мырзасы" сынагы 1996-жылдан бери өткөрүлүп келет. Быйылкы жылдагы сынакка 80ден ашык өлкөнүн өкүлдөрү катышат. Эл аралык сынакта ар түрдүү спорттук мелдештер, тамак жасоо жана башка сынактар орун алат. Жеңүүчү Mobstar тиркемеси аркылуу онлайн добуш берүү менен аныкталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Asylai88
2019-08-21 06:57:42
Азаматсын Кыргызстандын жакшы жагын коргозсон анда ийгилик сага. Болбосо ар кандай жагымсыз жанылыктарды уга берип кулак да конуп калган. Тилегин кабыл болсун.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан