6-августтан 24-августка чейин Филиппиндин борбору Манила шаарында жыл сайын өтө турган Mister World-2019 ("Дүйнө мистери") сынагы өтөт. Бул сынакка Кыргыз өлкөсү 23 жыл ичинде биринчи жолу катышып, өлкөнүн атынан ырчы Даниель Бегалиев катышат.
Ырчы өзүнүн Инстаграмдагы жеке баракчасына: "Мен бул сынакта биринчи жолу өзүмдү сынап көрөйүн деп жатам. Аракетим күчтүү, эч кимден коркпойм, ар кандай сынакка даярмын. Эң негизгиси башымды бийик көтөрөм, менин артымда мекеним, сиздер барсыңар. Күч бирдикте, кандай гана күн болбосун ар дайым бири-бирибизди колдойлу. Жеңиш биз жакта болсун!" - деп билдирүү жасаган.
"Дүйнө мистери" сынагы 1996-жылдан бери өткөрүлүп келет. Быйылкы жылдагы сынакка 80ден ашык өлкөнүн өкүлдөрү катышат. Эл аралык сынакта ар түрдүү спорттук мелдештер, тамак жасоо жана башка сынактар орун алат.
Ошондой эле сынактын негизги бөлүгү ар бир катышуучунун өз өнөрлөрүн тартуулоосу болот. Анда жеңүүчү Mobstar тиркемеси аркылуу онлайн добуш берүү менен аныкталат.