Чарчап-чаалыгышты. Бишкек шаарындагы калкты тейлөө борборлорунун иш убактысы 2 саатка кыскарды

Бишкек шаарында жайгашкан Мамлекеттик каттоо кызматындагы калкты тейлөө борборлору мурунку график менен (9:00дөн 18:00гө чейин) иштеп баштайт. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы билдирет.

Ушул жылдын 26-июнунан тарта аталган борборлор эртең мененки саат 8:00дөн кечки саат 19:00гө чейин түшкү тамакка тыныгуусуз кызмат көрсөтө турганы маалымдалган. Жаңы графикти киргизүү менен кезек күткөндөр азаят деп жарыялашкан эле.

Бирок мындай график эмгек өндүрүмдүүлүгүнө, көрсөтүлгөн тейлөөнүн сапатына терс таасир тийгизгенинен улам 21-августтан тартып иш убактысы эки саатка кыскартылды. Түшкү тамакка тыныгуусуз ишти улантуу боюнча өзгөргөн жок.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Mister-X
2019-08-21 13:40:16
Бул жалкоолук,кантип озгорбосун?
0
medet1983
2019-08-21 15:12:59
Кыйратып койгон экенсинер.Барсан эзилишет го чиркин сееекииин кыймылдап.
0
mandalak
2019-08-21 16:54:11
Иш Убактысын кыскартышты. Кайсыл кыйраткан иш учун кыскартыптыр . Акйта кетпесем болбойт 19, 20, экин туруп эч эле ала албай аран 21 де алдым. Иштегендерин коруп алып таштек менен башка чаап ийгим келдида олтурушат колдоруна телефондорун алып алып ар нерселерди суйлошуп анан ойлонуп койдумда урдум сенин электрондук очерединди деп мурдагыдай эле очередке туруп олтургандарды айкырып анкылдап беттен алып турбаса жалкооонун ишин тузуп беришиптир очерддик номеринди кнопкасын басар басмаксан болушуп
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан