реклама
super.kg logo

Бишкектеги Калкты тейлөө борборунун иштөө тартиби өзгөрдү. Эми кезек күткөндөр азаят

 

Бишкектеги Калкты тейлөө борбору бүгүндөн баштап жаңы иш тартиби менен иштеп баштайт. Мындай маалыматты мамлекеттик каттоо кызматынан маалымдады.

Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Алмаз Мамбетов май айында тейлөө борборлорунун ишин көрүп чыккан. Анда калкка ыңгайлуулукту түзүп берүү максатында тейлөө борборлорунун иштөө тартибине өзгөртүү киргизген.

"Бишкек шаарында 4 тейлөө борбору бар. Алар күнүнө 1 жарым, 2 миңдей кишини тейлейт. Мындан улам мекеменин иштөө убактысы саат 8:00дө башталып, 19:00гө чейин түшкү тамактануусуз иштей турган болуп өзгөрдү. Ошондой эле дем алыш күндөрү эртең менен саат 10:00дөн 19:00гө чейин калкты тейлейт", - деп жазылат маалыматта.

Жаңы тартипте иштей турган калкты тейлөө борборлору:

№1 - Калкты тейлөө борбору - Медеров-Ж.Пудовкин көчөлөрүнүн кесилиши 44/1;

№2 - Калкты тейлөө борбору - Ч.Валиханов көчөсү 2;

№3 - Калкты тейлөө борбору - Жаш Гвардия бульвары 4;

Мындан тышкары Октябрь жана Биринчи Май райондорундагы "Глобус" маркетингдеринде, "Азия Молл" соода борборундагы жайлар жаңы иш убактысы менен иш алып барат.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
25.06.2019. 10:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
79
Катталган:
23-07-2018
Соӊку аракети:
16-07-2019 16:46
Жынысы:
Белгисиз
0
Алмаз Мамбетов кыйын киши,Балыкчынын мэри болуп турганда бир топ иштерли жасаган дешет,муну ар бир Балыкчылык тургун тастыктай алат,жанагы интернетке тарап кеткен мурунку мэрди соккон видеосу болбосо эле бул абдан иштерман адам,вообще жон отурбайт,мурунку мэр кыйратып иштебесе ошентип тил угат да))
Мелис Мырзакматов,Алмаз Мамбетовдой инсандарды ар бир регионго башчы кылып койсо Кыргызстан давно онукмок...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
128781;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: