КҮНСОБОЛ: Жогорку Сот Текебаевдин ишин кайра кароого жөнөттү. Эки жыл ичинде сот системинде эмне өзгөрүү болду? Мукар Чолпонбаев: "Жагдай өзгөрө турган болсо, анда соттун чечими дагы өзгөрөт"

Мындан эки жыл мурда экс-депутат Өмүрбек Текебаев "коррупция" боюнча айыпталып, 8 жылга эркинен ажыратылган. Ал өкүм кийин шаардык сотто да, Жогорку Сотто да күчүндө калтырылган эле. Кечээ, 21-августта Жогорку Сотто иш жаңы жагдайларга байланыштуу каралды. Анда Жогорку Сот Текебаевге карата козголгон кылмыш иштерин Биринчи Май райондук сотуна жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра кароого жөнөттү.

SUPER.KG порталы "Текебаевдин иши боюнча Жогорку Сот мурдагы өкүмдөрдү жокко чыгарып, кайра кароого жөнөттү. Эки жыл ичинде сот системинде эмне өзгөрүү болду?" деген собол салды.

Коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев соттун алгачкы кароосунда кээ бир материалдар билинбей калышы мүмкүн деген пикирде.

"Соттун алгачкы кароосунда кээ бир материалдар билинбей калат. Кийин башка материалдар табылган болот. Шарт ар кандай да. Тиги туура, бул туура эмес деп соттун чечимине сын айтканга акыбыз жок. Кандай чечим чыгарса дагы соттун чечимине баарыбыз баш ийүүгө милдеттүүбүз. Эгерде нааразы тараптар болсо, жаңы жагдайларды көрсөтүп түшүндүрсө болот. Жагдай өзгөрө турган болсо, анда соттун чечими дагы өзгөрөт", - дейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан