Мындан эки жыл мурда экс-депутат Өмүрбек Текебаев "коррупция" боюнча айыпталып, 8 жылга эркинен ажыратылган. Ал өкүм кийин шаардык сотто да, Жогорку Сотто да күчүндө калтырылган эле. Кечээ, 21-августта Жогорку Сотто иш жаңы жагдайларга байланыштуу каралды. Анда Жогорку Сот Текебаевге карата козголгон кылмыш иштерин Биринчи Май райондук сотуна жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра кароого жөнөттү.
SUPER.KG порталы "Текебаевдин иши боюнча Жогорку Сот мурдагы өкүмдөрдү жокко чыгарып, кайра кароого жөнөттү. Эки жыл ичинде сот системинде эмне өзгөрүү болду?" деген собол салды.
КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукулов Текебаевди камаган сотко чара көрүлүшү керек деген ойдо. "Бул соттун көз карандысыздыгынын белгиси деп айтып жатышат. Мен бул ойго кошулбайм. Саясий абал өзгөргөндөн кийин Текебаевге карата чечим буга чейин болбогондой болду. Текебаевди биринчи этапта толук бойдон актап коёт деген үмүт бар. Бирок ал дагы ишке ашпай калышы мүмкүн. Чынында Биринчи Май райондук сот Текебаевди толук бойдон акташы керек. Актагандан кийин Текебаевге карата мыйзамсыз кылмыш ишин козгогон Индира Жолдубаева, Абдил Сегизбаевден баштап УКМКнын, Башкы прокуратуранын кызматкерлери жоопко тартылышы шарт. Текебаевди туура эмес камаган сотко дагы чара көрүлүшү зарыл", - дейт Турдукулов.