Жарандык активист Гүлжигит Исаков: "Соттор дагы деле саясий негизде иш козгоп, саясий негизде кайра эле актап келишүүдө". КҮНСОБОЛ

Мындан эки жыл мурда экс-депутат Өмүрбек Текебаев "коррупция" боюнча айыпталып, 8 жылга эркинен ажыратылган. Ал өкүм кийин шаардык сотто да, Жогорку Сотто да күчүндө калтырылган эле. Кечээ, 21-августта Жогорку Сотто иш жаңы жагдайларга байланыштуу каралды. Анда Жогорку Сот Текебаевге карата козголгон кылмыш иштерин Биринчи Май райондук сотуна жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра кароого жөнөттү.

SUPER.KG порталы "Текебаевдин иши боюнча Жогорку Сот мурдагы өкүмдөрдү жокко чыгарып, кайра кароого жөнөттү. Эки жыл ичинде сот системинде эмне өзгөрүү болду?" деген собол салды.

Жарандык активист Гүлжигит Исаков сот системинде 2 жылдан бери өзгөрүү деле байкалбай эле турат деген пикирде. "Реформа деген сөз көп айтылууда, бирок иш жүзүндө көп жылыштар байкалбай жатат. Соттор дагы деле саясий негизде иш козгоп, саясий негизде кайра эле актап келишүүдө. Өзгөргөн бир эле нерсе бар. Ал сотторго көрсөтмө бергендер, кийлигишкендер гана алмашты. Так жазылган мыйзамдар эки ача чечмеленбеши керек. Бирөөнө иштеген мыйзам, амнистия, экинчисине себеби жок эле иштебей жатканы соттук системдеги абалдан эң мыкты түрдө кабар берет", - дейт Исаков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан