Өкмөт: "Эл аралык соттун 24 миллион доллар боюнча чечимин аткарууга Кыргыз өкмөтү каршы туруу ниетинде"

Буга чейин Эл аралык арбитраждык соттун Кыргыз өкмөтүн Кеминдеги Куттисай кени боюнча канадалык "Stans Energy​ Corp." компаниясына 24 миллион доллар төлөөгө милдеттендиргендиги маалымдалган. Бүгүн, 23-августта коомчулук талкууга алып жаткан бул маалымат боюнча Кыргыз өкмөтү билдирүү таратты.

Билдирүүдө жазылгандай, 24 миллион доллар "Stans Energy Corp." жана ОсОО "Kutesay Mining LLC" компанияларынын Кыргыз Республикасына карата доо талаптарынын 6 пайыздан азыраагын түзөт.

л аралык арбитраж Куттисай-II жана Калесай кендерин өнүктүрүү боюнча түз чыгымдардын айрымдарынын гана соттук чыгымдардын бир бөлүгүнүн ордун толтуруу менен "Stans Energy Corp." жана "Kutesay Mining LLC" компанияларынын Кыргыз Республикасына карата 6 пайыздан азыраак доо талаптарын канааттандырды. Ошону менен бирге калган доо талаптарынан баш тартылды", - деп жазылат маалыматта.

Анда жазылгандай, Кыргыз Республикасынын бийлиги 2013-2014-жылдарда "Stans Energy Corp." жана "Kutesay Mining LLC." компанияларына кенди иштетүүгө берилген лицензияны токтоткон. Буга байланыштуу 2015-жылы аталган компаниялар келтирилген зыяндын ордун толтуруу талабы менен Кыргыз Республикасына каршы эл аралык арбитраждык процессти демилгелеген. Иш боюнча угуу күнүнө карата 2018-жылдын апрелинде Париж шаарында доогерлер тарабынан белгиленген талаптар пайызын эске алуу менен 304 миллион 23 миң долларды түзгөн. Мунун ичинен 128 миллион доллар чыгаша болду делинген сумма жана 175 миллион доллар тегерегиндеги каражат айланма капитал тартуунун баасы.

"Ошентип, ушул жылдын 20-августунда арбитраждык трибунал чечим чыгарган. Ага ылайык, доо талаптарынын суммасынан 6 пайызга жакыны канааттандырылды. Тагыраагы, 15 миллион доллар жана 2014-жылдан берки 5 пайыздык үстөк. Мындан тышкары, арбитраж доогерлердин пайдасына соттук чыгымдарынын үчтөн экисин төлөө чечимин чыгарды. Чечимдин суммасы доогерлерге кенди өнүктүрүү боюнча кетирген айрым сарптоолорунун ордун толтурууга багытталган. Доогерлердин калган талаптарынан баш тартылды.

"Stans Energy Corp." компаниясы тарабынан арбитраждык чечим боюнча маалымат жарыяланган соң Торонто биржа фондундагы компаниянын акцияларынын баасы төмөнкү көрсөткүчтөн бир аз жогорулашына чейин 70 пайыздан ашык төмөндөгөн.

Учурда Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн юридикалык консультанттары жана өкмөт өкүлдөрү мындан аркы аракеттердин стратегиясын иштеп чыгуу үчүн алынган арбитраждык чечимди талдап жатышат. Ошону менен катар кыргыз тарап «Куттисай-II» жана «Калесай» кендерин иштетүү укугу доогерлер тарабынан кызмат адамдарын паралоо жана паранын суммасын офшордук компаниялардын эсеби аркылуу "АзияУниверсал Банк" ААКга легалдаштыруу аркылуу алган деген позициясында калууда. Мунун негизинде Кыргыз Республикасы доогерлер арбитраждык чечимди аткарууну каалаган кайсы мамлекетте болбосун аны таанууга жана аткарууга келтирүүгө каршы турууга ниеттенүүдө.

Белгилей кетсек, кыргыз тарапка каршы аталган компаниялардын доо арызы боюнча Канадада жана Орусия Федерациясында көп жылдардан бери соттук жана арбитраждык соттошуулар болуп келген. Процесстер 2015-жылы жана 2017-жылдары Кыргыз өлкөсүнүн пайдасына аяктаган.

2015-жылы Кыргыз Республикасы Москва шаарынын Соода-өнөр жай палатасына караштуу Арбитраждык соттун окшош доо арыздары боюнча «Stans Energy Corp.» жана «Kutesay Mining LLC» компанияларынын пайдасына 118 миллион АКШ долларын төлөө чечимин жокко чыгартууга жетишкен. 2016-жылы Кыргыз Республикасы «Кыргызалтын» ишканасынын «Центерра Голд» компаниясындагы 300 миллион АКШ долларына жакын суммадагы акциясын камактан чыгарууга жетишкен", - деп жазылат маалыматта.

Өкмөттүн маалымат кызматы Орусия жана Канадада болгон соттук териштирүүлөрдүн тарыхы боюнча маалымдаманы тиркеген:

Бир катар соттук териштирүүлөрдүн жана тийиштүү кылмыш иштеринин натыйжасы катары 2013-2014-жылдары Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин жана «Kutesay Mining» ЖЧКнын ортосундагы 2009-жылдын 21-декабрындагы №1736-H-09 протоколу жокко чыгарылып, 2014-жылдын октябрында «Kutesay Mining» ЖЧКга №2488МЕ жана 2489М лицензиялары боюнча кенди иштетүү укугун токтотуу боюнча билдирүү жөнөтүлгөн.

Аталган компаниялар Москва Соода-өнөр жай палатасына караштуу арбитраждык процессти демилгелешкен. Мында 2014-жылдын июнунда чечим чыгарылып, көрсөтүлгөн компаниялардын пайдасына кыргыз тараптан дээрлик 118 миллион АКШ доллары өлчөмүндө төлөм төлөө чечилген.

Бирок 2015-жылдын апрелинде Москва шаарынын Арбитраждык соту дээрлик 118 миллион доллар өлчөмүндө төлөм төлөө чечимин жокко чыгарган. Доогерлердин жогору турган 4 сотко жокко чыгаруу чечимине даттануу аракеттеринен баш тартылган.

2014-жылдын октябрында Канадада соттук процесстер болуп өткөн. Анда Онтарионун Жогорку соту 2014-жылдын октябрында «Центерра Голд Инк.» компаниясындагы «Кыргызалтын» ААКнын акцияларын камакка алган.

Бирок 2015-жылдын майында апелляциянын алкагында бул чечим кайра артка кайтарылып, 2017-жылдын июнунда Канаданын Жогорку сотунун чечими менен биротоло ырасталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан