Коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков: "Сооронбай Жээнбековдун "Аймактарды өнүктүрүү" программасы ишке ашпаса анын талуу жери ушул болот". КҮНСОБОЛ

Ички иштер министрлиги "Иликтөө иштеринин жүрүшүндө белгилүү болгондой, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна тиешеси бар" деген маалыматты таратты. Батукаевдин иши боюнча Атамбаев президент болуп турганда жогорку кызматтарды ээлеген бир топ жетекчилер камакка алынганы маалым. SUPER.KG порталы "Атамбаев үчүн Батукаев талуу иш болду. Жээнбековдун талуу жери ким же эмне болот?" деген собол салды.

Бул суроого жооп берип жатып коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков президент эки тармакка өзгөчө көңүл бурушу керектигин белгиледи.

"Жээнбековдун президенттик мөөнөтү бүткөндөн кийин талуу маселе жаратышы мүмкүн болгон 2 учур бар. Биринчи маселе - инвестиция. Кытайдан 7 миллиард, Орусиядан 1 миллиард, Франциядан 1 миллиард доллар, бардыгы биригип 14 миллиард доллар инвестиция келет дебеди беле. Ошол инвестиция келеби, келбейби азыр белгисиз да. Эгерде инвестиция келбесе анда Жээнбековдун "Аймактарды өнүктүрүү" программасы ишке ашпайт. Бул программа ишке ашпаса анда талуу жери болуп калышы мүмкүн.

Экинчиси укуктук сот реформасы, бул жаатта өлкөдө бир ордунан кыймылдаган жок, жылабы, жылбайбы эч ким билбейт. Ушул эки маселени ийгиликтүү чечип кетсе жакшы, чече албаса эл нааразы болуп, чоң нааразычылык акцияларга айланып кетиши мүмкүн", - дейт Талгарбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан