Эки жыл мурда экс-депутат Өмүрбек Текебаев "коррупция" боюнча айыпталып, 8 жылга эркинен ажыратылган. Быйыл, 21-августта Жогорку Сотто иш жаңы жагдайларга байланыштуу каралып, Текебаевге карата чыккан мурдагы өкүмдөр жокко чыгарылган. Ага карата козголгон кылмыш иштерин Биринчи Май райондук сотуна жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра кароого жөнөткөн. Жогорку Соттон материалдар Биринчи Май райондук сотуна келип түшкөнү белгилүү болду.
Мындан улам SUPER.KG порталы "Текебаевге карата чыгарылган сот чечимдери жокко чыгарылып, соттолду деген статусу жоюлду. Демек, аны азыр Жогорку Кеңештин депутаты деп санаш керекпи?" деген собол салды.
Депутат Исхак Масалиев Текебаевдин мандатын кайтаруу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы кандай чечим кабыл аларын билбей турганын айтты. "Соттун өкүмдөрү жокко чыгарылса, шектүү статусуна өтөт. Ага депутаттык мандат кайтарылып берилиши керек. Борбордук шайлоо комиссиясы кандай чечим чыгара турганын айта албайм. Соттун чечими күчүнө кирмейинче депутаттык мандатынан ажыратылбашы керек. Текебаевдин мандатын кайтаруу боюнча БШКга кайрылууга толук негиз бар деп ойлойм", - дейт Масалиев.