Жакында президент Сооронбай Жээнбеков Нарын облусуна иш сапары менен барып, "эми соттук процесстин баары ачык-айкын болот, мурдагыдай көмүскөдө болбойт" деген пикирин айткан. Бирок Биринчи Май райондук соту, Бишкек шаардык соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасын УКМКнын имаратында жабык караган.
Мындан улам SUPER.KG порталы "Сооронбай Жээнбеков "эми соттук процесстин баары ачык-айкын болот" деди. Анда эмне үчүн Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасы прессанын катышуусуз УКМКда каралып жатат?" деген собол салды.
КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукулов Сооронбай Жээнбеков мурдагы президенттер берген убадаларды эле берип жатат деген пикирде.
"Биз дайыма эле бийликтин соттук процесстер ачык болот, соттор адилеттүү чечим чыгарат деген убадаларын угуп келе жатабыз. Сооронбай Жээнбеков мурдагы президенттер кандай убада кылса ошону улантып жатат. Атамбаевдин же башка саясий соттук процесстер көптөгөн процессуалдык ченемдерди бузуу менен өтүп жатканын баарыбыз көрүп жатабыз. Соттук отурумдарда журналисттерди киргизбей, сот ачык болбой жатканы баарыбызга белгилүү. Соттордо камералар коюлган, бирок ал камералардан видео алууга мүмкүнчүлүк жок", - дейт Турдукулов.