Жакында президент Сооронбай Жээнбеков Нарын облусуна иш сапары менен барып, "эми соттук процесстин баары ачык-айкын болот, мурдагыдай көмүскөдө болбойт" деген пикирин айткан. Бирок Биринчи Май райондук соту, Бишкек шаардык соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасын УКМКнын имаратында жабык караган.
Мындан улам SUPER.KG порталы "Сооронбай Жээнбеков "эми соттук процесстин баары ачык-айкын болот" деди. Анда эмне үчүн Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасы прессанын катышуусуз УКМКда каралып жатат?" деген собол салды.
Экс-депутат Каныбек Осмоналиев Жогорку Соттун төрайымы баш болгон Жогорку Соттун коллегиясы катуу бир силкинип, тыянак чыгарбаса болбой калганын айтты. "Сооронбай Жээнбеков президент болуп келгенден бери системдүү түрдө соттордун ачык-айкындуулугу, адилеттүүлүгү жөнүндө жакшы сөздөрдү айтып келе жатат. Биринчи старт 2018-жылы февраль айында берилди. Бирок аткарылышы аксап жаткан. Мен кээде сот системи атайын саботаж кылып жатышабы деп ойлоп кетип жатам. Атамбаев боюнча ишти ачык жүргүзсө болмок. 21-августта Өмүрбек Текебаевдин, Дүйшөнкул Чотоновдун иштери боюнча Жогорку Соттун отурумун көрүп таң калдым. Эмнеге соттордун жүздөрүн көрсөтүүгө тыюу салынууда? Эски стереотипте президенттин талабына шайкеш келе турган ишти жасабай жатышат. Демек, соттордун өздөрүнүн айыптары бар окшойт деген ой жаралууда. Азыр жаңы кодекстер, президенттин позициясы ачык-айкындуулукка жол берип турат. Эл дагы ошону талап кылып жатат. Бул актуалдуу маселе. Менин оюмча, Жогорку Соттун төрайымы баш болгон Жогорку Соттун коллегиясы катуу бир силкинип, тыянак чыгарбаса болбой калды окшойт", - дейт Осмоналиев.