"Элдик парламенттин" лидерлеринин бири Атамбаевге каршы жазган арызын кайтарып алды

"Элдик парламенттин" лидерлеринин бири Бекболот Талгарбеков мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге каршы жазган арызын кайтарып алды. Бул тууралуу бүгүн, 30-августта SUPER.KG порталына өзү билдирди.

"Ленин райондук сотко Атамбаевге каршы арыз жазганбыз. Алар кийин Атамбаевдин сөзүн нотариустан күбөлөндүрүп келгиле дешкен. Андан соң Атамбаев "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциядан көчүп кетти, жаңы дарегин бергиле деп кайрылышты. Даректи тактап, арызды кайра берейин деп жатканда Атамбаев камакка алынды. Арызды кайра бербей калдык. Анткени ага оор кылмыш иштери ачылды. Биз жыгылганды тепкилебейин деп чечтик. Ал мени элдин алдында "Талгарбеков мамлекеттик төңкөрүш кылып, бийликти басып алам деген" деп күнөөлөгөн. Ошол себептен мурда сотко кайрылгам", - дейт Талгарбеков.

2016-жылдын май айында "Элдик парламенттин" бир канча мүчөсү кармалып, аларга карата кылмыш иши ачылган. 2017-жылдын август айында Биринчи Май райондук соту “Элдик парламенттин” 5 мүчөсүнө карата өкүм чыгарып, Бекболот Талгарбеков менен Төрөбай Колубаев 14 жылга, Марат Султанов 10 жылга кесилип, ал эми Тойгонбек Калматов 5 жылга, Александр Гусев 3 жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратылган.

Быйыл март айында Бекболот Талгарбеков шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Bektur2011
2019-08-30 21:31:06
Атамбаев силер арыз жазбасанар деле жазасын алат
0
oSporte
2019-08-30 21:45:33
Витя кызмат бербей койсо керекда
0
kuttubekuzgen
2019-08-30 23:05:43
Просто кече текебаев атамбаевди кечирдим дегенин угуп, сизда очко иштей калайын деген окшойсуз менимче.
+2
JENTLEMAN
2019-08-31 00:32:58
kuttubekuzgen, Теке ал жерде ашаны кечирдим деген жок, жанагы маековскийди жана текени соттоп камаган сотторго карата айтты. Аша жөнүндө "Бирок буйрук бергендер жазаланышы керек" деп ачык эле айттыго.
+1
tular
2019-08-31 01:19:09
Чыныгы жигитчилик кылган экен!!!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан