Бүгүн, 31-августта Ысык-Көлдө сүзүп бара жатып дайынсыз болгон Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун төрагасы Эркин Асрандиевди издөөгө 10 куткаруучу тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлады. Буга чейин анын жакындары Ысык-Көлдө саат 18:00дөрдө толкун болуп, мындан улам аны таппай калышканын малымдашкан.
ӨКМнын маалыматына ылайык, ал көлдү сүзүп өтүү үчүн Чырпыкты айылынан Тоң районунун Кара-Талаа айылын көздөй сүзүп баратып, дайынсыз болгон.
Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жана башка тийиштүү ведомстволорго Эркин Асрандиевди Ысык-Көлдү сүзүп өтүү маалында дайынсыз болгондугуна байланыштуу издөө иштерин активдүү жүргүзүүнү буйруп, бардык күч-аракетти жумшоону тапшырды. Бул окуя Өкмөт башчынын жеке көзөмөлүндө болорун өкмөттүн маалымат кызматынан билдирди.