Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүн, 31-августта саат 18:50 чамасында көлгө сүзгөн адамды куткарууга жардамдашуу тууралуу маалымат келип түшкөнүн кабарлады. Маалыматка ылайык, билдирүүдө Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун төрагасы Эркин Асрандиев Ысык-Көлгө сүзгөнү кирип дайынсыз болуп жаткандыгы айтылган.
"Биздин облустагы куткаруучулар азыр жөнөп кетишти. Абалды билип, дагы кандай шаймандар керек болот алып барышат. Маалымат толукталат", - деп айтылат билдирүүдө.
Асрандиев сууда сүзүү менен машыгып келгени белгилүү. 2 жыл мурун Ысык-Көлдү Кара-Талаа айылынан Тору-Айгыр айылына чейин сүзүп өткөн. 15 чакырымдан ашык аралыкты анда ал 5 саатта сүзүп өткөн.