Кечээ, 31-август күнү Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун төрагасы Эркин Асрандиев Ысык-Көлгө сүзгөнү кирип, дайынсыз болуп жатканы жана аны куткаруучулар издөөгө алганы маалымдалган.
"Жанында коштоп жүргөн киши табылды. Акыркы маалыматтарга караганда, Эркин Асрандиевди жанында сыңар калак менен айдалуучу, бир кишилик жеңил кайык (байдарка) менен коштоп жүргөн Н.К. аттуу эркек киши тирүү табылган. Анын айтымында, Эркин Асрандиев жээкти көздөй сүзүп кетиши мүмкүн. Издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн, жалпы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 17 куткаруучу, “Мөлтүр” кемеси тартылган. Мындан сырткары, Ысык-Көл районунун акими, прокурору “Москва” кемеси жана 1 катер менен чыгышкан. Издөө иштери уланууда", - деп Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымат таратты.
Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жана башка тийиштүү ведомстволорго Эркин Асрандиевди Ысык-Көлдү сүзүп өтүү маалында дайынсыз болгондугуна байланыштуу издөө иштерин активдүү жүргүзүүнү буйруп, бардык күч-аракетти жумшоону тапшырган.
Асрандиев сууда сүзүү менен машыгып келгени белгилүү. 2 жыл мурун Ысык-Көлдү Кара-Талаа айылынан Тору-Айгыр айылына чейин сүзүп өткөн. 15 чакырымдан ашык аралыкты анда ал 5 саатта сүзүп өткөн.