Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун башчысы Ысык-Көлгө сүзгөнү түшүп дайынсыз болуп жатат. Куткаруучулар издегенге жөнөдү

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүн, 31-августта саат 18:50 чамасында көлгө сүзгөн адамды куткарууга жардамдашуу тууралуу маалымат келип түшкөнүн кабарлады. Маалыматка ылайык, билдирүүдө Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун төрагасы Эркин Асрандиев Ысык-Көлгө сүзгөнү кирип дайынсыз болуп жаткандыгы айтылган.

"Биздин облустагы куткаруучулар азыр жөнөп кетишти. Абалды билип, дагы кандай шаймандар керек болот алып барышат. Маалымат толукталат", - деп айтылат билдирүүдө.

Асрандиев сууда сүзүү менен машыгып келгени белгилүү. 2 жыл мурун Ысык-Көлдү Кара-Талаа айылынан Тору-Айгыр айылына чейин сүзүп өткөн. 15 чакырымдан ашык аралыкты анда ал 5 саатта сүзүп өткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
JENTLEMAN
2019-08-31 19:34:54
Мастер экенго сүзүш боюнча, анан кандай болуп кетти экен.
+4
Shabi
2019-08-31 19:58:14
JENTLEMAN.жанында коштоп бара жаткандардын айтымында.катуу толкундан кийин таппай калыптыр.кырсык айттырбай келет деген ушу да
0
Sakubek
2019-08-31 19:48:15
Тарамышы тырышып калса керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан