Ырчы Мирбек Атабековдун апасынын үйүн тоноого шектелип 24 жаштагы жаран кармалды

Каракол шаарында Бишкек шаарынын Октябрь райондук милициясы тарабынан Мирбек Атабековдун апасынын үйүн тоноого шектелип жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Буга чейин белгилүү болгондой, Бишкек шаарында 6-майга караган түнү ырчынын апасынын үйүнө белгисиз адамдар бет капчан кирип, жалпы суммасы 60 миң долларды түзгөн акча каражатын жана зер буюмдарды алып кеткен.

"Бул факты боюнча "каракчылык" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Кылмыштан кийин шектүү Ысык-Көл облусуна из жашырып кеткен. Шектүү 24 жаштагы Б.М. аттуу жаран Караколдун кафелеринин биринде кармалган. Анын унаасын тинтүү учурунда далил буюмдар табылган. Азыркы учурда бул кылмышка тиешеси бар адамдарды издөө жүрүп жатат", - деп билдирди.

Кылмышка шектүү Б.М. убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Окуянын чоо-жайы:

Милицияга арыз менен Д.А. аттуу жаран кайрылган. Анда ал белгисиз адамдар үйүнө кирип, күч колдонуу менен тоноп кетишкенин билдирген. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, ыкчам изилдөө тобу түзүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Shabi
2019-09-02 19:48:27
Далил менен тапса.жакшы жакшы.
+8
Sakubek
2019-09-02 20:15:21
Дагы деле саталек бекен
+19
Jasi.jasi
2019-09-03 11:55:55
Sakubek,ошо да
+1
Nevestkaa
2019-09-02 20:44:46
4айдан бери далил буюмдарды жанына алып жүрсө шумдук го.
+23
uli1234
2019-09-02 20:59:57
Сатып алган Адам окшойтко 4 айдан бери сактап журсо урдаган адам ошол куну сатса керек
+14
Baktyluumun98
2019-09-03 10:12:30
uli1234,сатып алган адам, башка бироонун уйун тонобойт болуш керек. Же каракчылык кылган оору жугуп калды бекен?
0
taalay25
2019-09-03 00:30:24
Же ууру келесоо же ошону кармаган менттер келесоо! Торт айдан бери машинасына тонолгон буюмдарды нары бери чапкылап жургудой не ал Коммерсант бекен? Каракчы экенин унутуп калган го сыягы
+4
KG.Kushtarbek
2019-09-03 02:19:17
Или потстава
+2
gitaris93
2019-10-05 02:18:53
KG.Kushtarbek,Оа потстава 100%
0
elb_2121
2019-09-03 04:32:24
Балким 60 мин долларды короттуп жургондур тугонсо анан зер буйумдарды саттам деп машинесине каттып коюп,эгер уйуно алып кирсе ата энеси же туугандары билип калбасын деп
-4
Shabi
2019-09-03 12:00:19
elb_2121,сен дагы кызыксын го
0
portugalia
2019-09-03 12:23:22
Башка үйлөрдү да тоноп жүргөндүр бул акмак
-2
LadyB
2019-09-03 18:01:29
эмне учун борода коюп алышат желмогуздар, намаз окугандардын баардыгына соз тийгисишет , жаман соз, жаман ой тийгизишет, ушундайларды катуу наказывать этиш керек
0
osor
2019-09-03 19:16:25
Ушундай адамды да апасы торогонда апасыга ошондой болуп калышын ойлободубу бул каракчы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан