Орусиянын Пермь шаарында кырсыкка кабылган автобустагы жабырлануучулардын айрымдарын куткарып калган 20 жаштагы Бекзат Максатбек уулу сыйланды. Кыргыз жигитин Пермь аймагы боюнча ИИМдин коомдук кеңешине чакырып, ыраазычылык кат жана китеп тапшырган. Мындай маалыматты орус басылмалары жазып чыгышты.
Жол кырсыгы 17-августта болгон. Анда автобустун айдоочусу дүкөндүн дубалын сүзүп, 32 жүргүнчү жабыркап, 1 адам каза тапкан. Бекзат Максатбек уулу окуянын күбөсү болгон жана биринчилерден болуп жардамга чуркап барган. Ал кырсык тууралуу жана жабырлануучуларды кантип куткарып калганы боюнча журналисттерге айтып берген.
20 жаштагы Бекзат Максатбек уулу таксист болуп иштейт.