20 жаштагы Кыргыз жигити Пермде кырсыкка кабылган автобустун айрым жүргүнчүлөрүн куткарып калды

Кыргыз жигити Орусиянын Пермь шаарында кырсыкка кабылган автобустагы жабырлануучулардын айрымдарын куткарып калды. Орус басылмаларынын маалыматына ылайык, ал окуянын күбөсү болгон жана биринчилерден болуп жардамга чуркап барган.

20 жаштагы Бекзат Максатбек уулу таксист болуп иштейт. Кырсык тууралуу ал буларды айтып берген.

"Менин оң жагымда жеңил унаа бара жаткан, мен андан озуп кеткем. Ошол учурда каршы тилкеден өткөн автобус дубалга урунуп, катуу үн угулду. Дароо эле унаамды токтотуп, автобусту көздөй чуркадым. Жерине барганда нес абалда калдым. Ошентсе дагы автобустун ичиндеги жүргүнчүлөрдү чыгарууга аракет кылдым. Биринчи кичинекей баланы алып чыктым, андан кийин бир жигитти алып чыгайын десем буту кыпчылып калыптыр. Сыртка чыгып автобустун эшигин ачуунун аракетин көрдүм. Бирок ал аракетим ишке ашкан жок. Айла жок кайрадан терезе аркылуу салонго киргенге туура келди. Бул ирет аялдын колундагы кичинекей баласын алып сыртта турган адамдарга карматтым. Мен экинчи жолу автобустун ичине киргенде сыртта бир топ эле эл чогулуп калган", - деген ал.

Жол кырсыгы тууралуу видео интернетке тарап, аны көргөн айрым колдонуучулар Бекзат Максатбек уулу окуянын келип чыгышына себепкер деген божомолдорун айтышкан. Бирок айдоочу өзүн күнөөлүү деп эсептебей турганын, ал өзүнүн жолу менен бара жатканын, жеңил унааны ашып өткөндөн кийин автобус кырсыкка кабылганын билдирген. Ал эми эксперттер жана жол кыймылын көзөмөлдөгөн инспекторлор мындай версия тергөө ишинде каралбай турганын, таксист күнөөлүү эмес экенин айтышкан.

Кырсык 17-августта болгон. Анда автобустун айдоочусу дүкөндүн дубалын сүзүп 32 жүргүнчү жабыркап, 1 адам каза тапкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
fak
2019-08-20 23:36:48
Азаматсын
+15
elb_2121
2019-08-21 00:37:17
Москвада кундо ушундай жанылык болсо э
-16
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан