Депутат: "Токой чарба агенттигинин башчысынын камалганына эки ай болду, бүгүнкү күнгө чейин жетекчинин милдетин аткаруучу башчы дайындалган жок"

"Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин башчысынын камалганына 2 ай болуп калды" деп бүгүн, 4-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улугбек Ормонов билдирди.

Ал бүгүнкү күнгө чейин жетекчинин милдетин аткаруучу башчы дайындалбаганын эскертти. "Эмне себептен бүгүнкү күнгө чейин жетекчинин милдетин аткаруучу дайындалбай жатат? Же бул өкмөткө кереги жокпу? Ушул боюнча карап коюңуздар", - деди Ормонов.

Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин башчысы Абдыкалык Рустамов менен анын жардамчысы А.И. пара алууга шектелип кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан