Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин башчысы Абдыкалык Рустамов менен анын жардамчысы А.И. пара алып жатып кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 31-июлда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 30-июлда алар 2 миң доллар алып жаткан учурда кармалган. "Агенттиктин башчысы жана анын жардамчысы чет элдик жарандан Ысык-Көл токой чарбасында Ананьево айылындагы жер фондунан 5 гектар жер участогун берүүдө оң чечим чыгарганы үчүн пара талап кылган. Тинтүү учурунда алардын ар биринен 1 миң доллар акча табылган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "пара алуу" беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды", - деп жазылат маалыматта.