Бүгүн, 4-сентябрда президент Сооронбай Жээнбеков премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү, инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө пикир алмашуу болду.
Мамлекет башчысы өкмөттүн социалдык оң жана терс көрүнүштөргө, күнүмдүк жашоодогу ар кыл чакырыктарга тез реакция кылып, тиешелүү чараларды ыкчам көрүшү зарылдыгын белгиледи.
Президент өкмөттүн негизги милдети - экономиканы өнүктүрүү, элдин жашоосун жакшыртуу ишине тоскоол болчу факторлор дээрлик жок экенин белгиледи.
"Өкмөттүн иштөөсү үчүн өлкөдө бардык мүмкүнчүлүктөр бар. Аткаруу, мыйзам чыгаруу, сот бийлиги өз ара конструктивдүү иштеп жатышат. Ошондуктан өкмөт иштеш гана керек. Башка талап жок", - деди Сооронбай Жээнбеков.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев экономиканын тармактарын өнүктүрүү, аймактык өнүктүрүү боюнча актуалдуу чаралар, өлкөнү санариптештирүү, инфраструктуралык жана агроөнөржай долбоорлорун ишке ашыруу боюнча аткаруучу бийлик органдарынын азыркы ишмердиги жөнүндө айтып берди.
Мамлекет башчы кечээ, 3-сентябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков менен жолуккан.